Menu

Албек берген жылуулукту Азиз неге аяды?

Бөлүшүү:

Былтыр 17-октябрда Бишкекке жылуулук берилип, шаардыктар Албек Ибраимовго ыраазы болушканы эсибизде. Негизи +8 градус үч күндөн ашса ТЭЦтен жылуулук берилиши шарт. А бүгүнкү күндө бир жумадан бери суук түшүп, кечээ кар да жаады. Мэр Азиз Суракматов иштебей эле көшүп кеткенби, айтор, кыш келе электе элдин баары тоңуп, нааразычылык айтыла баштады.

Олуттуу себептер бар. Башкасын айтпасак да, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар суук болуп, сыркоологондор арбыды. Карапайым калктын социалдык турмушу итке минип атканы аз келгенсип, мындай шартта эмне кылабыз? «Эшегине жараша тушагы» демекчи, «Түндүкэлектр» ишканасы 17-октябрда Бишкектин бир топ аймактарында жарык өчүрүлө турганын маалымдашты («Спутник»). Электр энергиясын оңдоо иштерине шылтоолошуп. Мисалы, Малдыбаев көчөсү, Орто-Сай базары, Дордой конушу, Көк-Жар конушундагы Кулмурзаев, Арстанбап, Чар көчөлөрү, Буденный, Фрунзе көчөлөрү, Ак-Бата конушундагы 1-2-көчөлөрү, Маликов, Тойгонбаев, Репин, Термечиков, Садырбаев көчөлөрү, Ак-Кула ипподромунун аймагы, Щербаков, Тоголок Молдо, Боталиев, Түлөбердиев, Панфилов, Гастелло, Медеров көчөлөрү, Каарман, Алтай, Пенза туюк көчөлөрү, Түлөбердиев көчөсү, Тихвинский туюк көчөсү, Ак-Босого конушундагы Чүй 39 көчөсү. Аты аталган аймактар дээрлик эртеден кечке жарыксыз кала турганын  алдын ала кабарлашкандары ушундайча. «Көчүк чычарда керек» дегендей, «Түндүкэлектр» ишканасы суук түшкөнгө чейин оңдоо иштерин жүргүзсө болбойт беле? Мэр Суракматов дал ушундай алешемдиктерге эртелей көңүл буруп, элдин убалына калбай эле кыймылдаса болмок да. Шалаакылык болбойт да! Аппаратчиги Балбак Түлөбаев Фейсбукта «жылдыз» болбой, пиар жасабай реалдуу кызматын көрсөтсө эмне, арыктап кетеби?..

Баарына эле түшүнүктүү да, ТЭЦтен жылуулукту бербей жатышса, анан элдин баары электр энергиясын колдонушат. Мындай шартга авариялар көп катталат, шаар кыйрай баштайт. Алгачкы коңгуроолорун көрүп атпайбызбы. «Кадрлар баарын чечет» деп Сталиндин айтканы бизде «кадрлар баарын талкалайт» деген туңгуюкка баратат го? Башында ээрге кыйшык отурган Азизиңер факт жүзүндө Албектей элге кызмат кыла албаганы дагы ашкереленеби? Суроолор көп. Иш жүрбөсө эл чыдабайт да…

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: