Menu

Депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар”долбоорунун ишке ашпай жатышынын негизги себеби жемкорлук экенин айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн 18-октябрда Жогорку кеңештин аркандай маселелер жыйынында депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар”долбоорунун ишке ашпай жатышынын негизги себеби жемкорлук экенин айтты

“Эмне үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 1 жылда эки жолу үзгүтүккө учурады. Бул деген өкмөт элдин алдында шылдың болду дегенди билдирет. Эмнеге 7 жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келет? Мунун себеби жемкорлук.

Өкмөттөгүлөр ат койгон жагын да карасаңыздар. Былтыркысы “Акылдуу шаар” болчу. Азыркы “Коопсуз шаар””Акылдуу шаарыңар” айнып кетти, “Коопсуз шаарыңар” жоопсуз шаар болуп калды. Кыргызча башкача ат койсоңор болбойбу? Төрөлө элек балага ат койбойт. Бул тендерге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети мындай деп талап коюптур, “Вега” радиокуруу концерни короткон акчасын 5 жылда Кыргызстандан алып чыгып кетет экен. Аны мындай эсептептир. 5 жылдын ичинде 10 миллион айып болот, ошонун жарымын биз алабыз, жарымын силер аласыңар деген шарт койуптур. Жылына 2 миллион айып дейт. Ушундай кантип болсун? Ким билет 5 жылда канча айып болот? Канча адам майып болот? Ушул үчүн эле жоопко тартса болот. Алдын ала анализди ким берди? Айдоочулар жол эрежесин бузбай калса жылына 2 миллион айып болбой калат да. Бул деген акмакчылык. 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди алып келгенде, коопту кызматка жоопту эмес адамды дайындап жатасыңар мунун “5 кылмыш иши бар экен” десем бул ушак деп койгонсуңар. 

Мен азыр маалымат алдым 9 кылмыш иши бар экен бул кишинин. Жакында өкмөт башчыга да, өлкө башчыга да ушул кылмыш иштери боюнча маалыматты берем”,- деди Момбеков.

Булак: Кyrgyztoday

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: