Menu

Тазабек Икрамов, депутат: Андай келесоолорду оштукча “патактар” дейт

Бөлүшүү:

Эл өкүлү Тазабек Икрамов жакында эле Россиянын Пермь шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышып келди. «Калыстардын калпыстыгы мени байгесиз калтырды» дейт. «Жакында торпок тартыш кызуу уланат. Колум бошой калса ошол жакта болуп калам» деп кебин толуктады.

– Тазабек, Россиянын Пермь шаарында ардагерлер арасында грек-рим күрөшүнөн дүйнөлүк чемпионаты өттү. Сен да барып катышып келдиң. Ушу жөнүндө айтып берсең?

-Жалпысынан төрт балбан менен күрөш килемине чыктым. Биринчи балбанды оңой эле утуп алдым. Экинчи жолкусунда дүйнөнүн жети жолку чемпиону, швециялык балбан менен кездештим. Мелдештин биринчи бөлүгүндө 4 упайлык ыкманы таза жасадым. Жарым мүнөттүк тыныгуудан кийин эле атаандашым көзгө көрүнүктүү эч бир ыкма жасабаса деле анын пайдасына 4 упай ыйгарып койду. Калыстар кайталоону 2-3 сыйра көрүп, эч бир жыйынтык чыгарбастан, атаандашыма асмандан түшкөн 4 упайды калтырып, шведдик балбанга жеңишти ыйгарып койду.

– Коло медаль үчүн болгон күрөшко жолдомо алгандай болдуң эле…

-Ооба, 3-орун үчүн болгон биринчи мелдеште индиялык каратору балбанды утуп, экинчи жана чечүүчүдө орус балбанына уттуруп, байгесиз 5-орунду алдым. Дагы бир жолу айтам, эгер калыстар швед балбанына тартпаганда, финалга чыкмакмын. Болбоду дегенде күмүш медаль колдо болчу. Бирок, өзүмдө да бар, 20 жылдан ашык мындай деңгээлдеги мелдешке чыккан эмесмин.

Барат-коёт оюмда жок болчу. Болгону бир ай даярдандым. Ал ортодо командировкага кетип калган учурлар болду.

– Мелдештин деңгээли кандай экен?

– Ардагерлер арасында деп айтылганы менен а жерде спортту мага окшоп таштап койгондор эмес машыктыруучу болуп иштеп аткандар, ар дайым машыгып жүргөндөр жана олимпиада чемпиондору болду. Деңгээли өтө жогору экен. Кудай буюрса, эмдиги чемпионатка жакшы даярданып, бу жолку кетирген каталарды оң жолго коём деген ойдомун.

– Анан журналист менен эмне ызы-чуу болуп жүрөсүң, «келесоо» дегенге чейин бардың окшойт?

– Мен жөнүндө видеотасма коомчулукка чыккан маалда Азербайжандын борбор шаары Бакуда спикер менен иш сапарда жүргөм. Бул инцидент менин айдоочум менен журналисттин ортосунда пикир келишпестиктен келип чыккан. Тасманы көргөн эл мени менен журналисттин ортосунда болгон экен деп, ошондой өңүттө, аябай сабатсыз, шөкөттөптүр. Көпчүлүгү түшүнгөн жок, «аа, ушу моментте Т азабек машинеден түшүп атат» дешип, ушундай мааниде кылган. Эң бир адамгерчиликсиз, мыңдай адамдарды бизде, оштукча айтканда «пас, же патактар» деп коёт, провокаторлор. Анан ал жерде баардык журналисттерди эмес, кайсы бир телеканалды эмес, андай маселе болгон да жок. Жеке бир адамды гана айткам, ал провокация кылып, өзүнө керектүү жерлерин тандап чыгарды, баарын эмес. Келесоо менен сүйлөшсөң «келесоо» дейсиң да. Ошол адамдын өзүнө «эй келесоо» деп эле айттым. «Журналисттер келесоосуңар» деген сөз болгон жок. Ушундай адамдар сиздердин армияңарга көлөкө түшүрүп атат.

– Кар жаап салды, эми торпок тартмай башталат эмеспи, сени да ошол жерден көрүп турабызбы?

– Чындыгында сезон башталды, улак тартмай, торпок тартмай дегендей. Кыргыздын улуттук оюндарынын эң бир кызыктуусу, мыктысы десем жаңылбайм. Биздин эл ат чаап, улак тартып атканда башка эл тайманбастыгыбызга, эр жүрөктүүлүгүбүзгө, баатырдыгыбызга жана балбандыгыбызга суктангандарын жашырбайт. Биз ушунубуз менен кыргызбыз. Сөзсүз барып турам. Атыккан улакчы болбосом да дилгирленип, торпокту ат жалына ашырууга далалаттанам. Ансыз болбойт. Жаш кезиңизде сиз да улак тарткан окшойсуз, качан барбайын ошол жактан көрөм. Эң негизгиси, улуттук спорт дегенде жүрөгүңүз менен күйгөн адам экениңизди билем. Анда ошол жерден көрүшкөнчө дей туралы…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: