Белгилүү мушкер Флойд Мейвезер UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен бетешүүгө даяр экендигин, бирок беттеш бокстун эржеси менен гана өтүшү керек экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Хабиб мени бетешүүгө чакырды, демек менин дүйнөмө баш багышы керек”, — деген Мейвезер.
Мушкер Нурмагомедов экөөнүн ортосунда боло турган беттеш Лас-Вегаста өтөрүнө ишеним артып, Хабиб ага чейин өзүн таалим-тарбиясы бар спортчу экенин далилдеши керектигин кошумчалаган.
Ал эми Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов беттеш Россияда өтүшү керек деген пикирде.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ