Ысык-Көл облусундагы Данаке Иманов атындагы мектептин директорунун орун басары, кыргыз тили сабагынын мугалими Р. Н мектептин директору тарабынан эскертирилди. Ал 2-класс балдарды ата-энесинин уруксаты жок эле видеого тарткан. Эрежеге ылайык балагат жашына жете элек баланы ата-энесинин же ага жооптуу адамдын уруксатысыз видео же сүрөткө тартууга болбойт.
Мектептин директору Айнагүл Кадыркулова мугалимди эскертип, видеодогу балдардын ата-энеси менен чогулуш өткөргөн. Чогулушта ата-энелер, мугалимге эч кандай доосу жок экенин билдирип, кол коюп беришкен.
Эскерте кетсек, үй тапшырмасын аткарбаган балдар шылтоо айтып жатканын мугалими Р. Н видеого тартып, өз баракчасында “Сабак окубаган балдар кармалды”,-деп бөлүшкөн. Бир күн өтпөй эле видео популярдуу болуп, социалдык тармактарда жайылып кеткен.
https://www.youtube.com/watch?v=Frh1lPi6n5A
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ