– Муратбек Осмоналиевич, жакында президент Жээнбеков эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы буга чейинки өкмөттү, парламентти жетектеген бир катар аттуу-баштууларды чогултуп, ойлоруңарды угууга камынып жатканын кыйытты. Көп саясый маселелерден принципиалдуу позицияңыз бар эле, президент чакыруу жөнөтсө барасызбы?
– Албетте, эгер өзү демилге көтөрүп чакырып жатса, эмнеге барбашым керек? Чакырса барам. Оюбузду эгер уга турган болсо, айтчу сунуштарымды айтам.
– Маселен, сиз президентке ошол жолугушууда кандай сунуш, ой-пикирлерди айтмак элеңиз? Азыр президентке сырттагы жер жайнаган кошоматчылардын эмес, сиз сыяктуу омоктуу ойлору бар инсандардын айткан пикир, сунуштары маанилүү да.
– Көп эле маселелерди тизмектеп айтсак болот. Сырттагы абалды өзүңөр көрүп жатасыңар да. Бүгүнкү коомдук, саясый окуяларды, мамлекеттик казынанын оош-кыйыштары, өзгөчө өлкөбүздөгү банк тармагындагы абал, бул жаатты өзгөртүүнүн жолдорун, аймактык-административдик территориялык маселелер, мамлекетибиздин каржылык абалы, ички-тышкы карыздар, экономикабыздын өлөсөлүү жагын, салык, кадр саясаты өңдүү бир катар көйгөйлөр боюнча ойлорумду, ага удаа сунуштарымды айтсам дейм. Калганын эми бара көрөбүз. А негизгиси тажрыйбалуу инсандардын оюн угууга болгон кадамы жакшы.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ