Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча ишкананын ачылышына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча “Салют компани” ЖЧК кыргыз-кытай ишканасынын ачылышына катышты.
Өкмөт башчы өз сөзүндө аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өкмөт аймактарды жана анын инфраструктурасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары аныктагандыгын баса белгиледи.

«Жумушсуздукту азайтуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, экономиканын экспорттук потенциалын бекемдөө биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат. Андыктан биз түз чет элдик инвестициялардын олуттуу бөлүгүн өлкөнүн аймактарына жумшоодобуз.
Үстүбүздөгү жылы экономиканын реалдуу секторунда 121 ишкана ишке киргизилип, миңдеген жумушчу орундар түзүлдү. Жалпысынан алганда Чүй облусу боюнча –19, Нарын облусу боюнча – 17, Ысык-Көлдө – 21, Жалал-Абад аймагында – 20, Ош облусунда– 25, Баткен облусунда – 15 жана Талас облусунда 2 ишкана ишке киргизилди. Завод жаңы технологиялар менен салынды жана Кыргызстандагы аммонит чыгарган жападан жалгыз завод болуп саналат. Заводдун продукциялары өлкө ичинде, жакынкы өлкөлөрдө да талап кылынаарына ишеним билдирди, анткени жүргүзүлгөн бир катар сыноолордун, экспертизалардын негизинде кыргызстандын ушул ишканасында чыгарылатурган продукция Бажы биримдигинин Бажы регламентинин талаптарына ылайык келе тургандыгы тастыкталды жана бирдиктүү реестрге киргизилген”,-
деди Абылгазиев.

Анын айтымында бул ишканасынын курулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык долбоорлор программасына киргизилген.

Заводдун иши өлкөнүн стратегиялык максаттарына багытталган. Алсак, завод тоо кен өнөр жайы ишканалары, жол куруу сектору, жогорку чыңалуудагы электр линияларын тургузуу үчүн керектүү заттарды өндүрөт. Башкысы, ишкана 60 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат, ал эми жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 миллион сом кошумча каражат түшөт.

Аталган ишкана кыргыз-кытай өнөр жайы үчүн патрон түрүндөгү«Аммонит Салютит А-150» жана «Аммонит Салютит В» порошок түрүндөгү жардыргыч заттарды өндүрүү менен алектенет.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 тоннаны түзөт.

Булак: kyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: