“Азаттык” үналгысынын журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге “Улут абийири” наамы ыйгарылды. Наамды ыйгаруу Бишкектеги Кино үйүндө өттү. Сыйлык журналисттин жакындарына тапшырылды.
Бул сыйлык 2017-жылы Интеллектуалдар альянсынын “Чеч-Дөбө” кеңеши тарабынан негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. Аты аталган кеңештин 19 мүчөсү бар.
Эскерте кетсек, курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ