Алай районунун Будалык айылында 44 жаштагы аял уксуска ууланып көз жумду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалымат боюнча окуя кече 17-октябрда маркум жашаган үйдө болгон.
Туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Маркумдун артында 5 баласы жана жолдошу калды.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ