Бишкекте турак үйлөрдүн 38%на жылуулук берилди. Бул туралуу Бишкек жылуулук борборунда бүгүн, 18-октябрда маалымдашты. Жылуулук берүү үзгүлтүксүз жана авариясыз берилүүдө. Гидравликалык режим сакталууда.
Бала бакчалардын жана мектептердин жылуулукка туташтырылганы 8%дан аз, бул алар өздүк жылытуу системаларын иштетүүсүнө байланыштуу.
Карызы бар абоненттер карызын төккөндөн кийин жылуулук алат.
Эске салсак, борборго жылуулук берүү бугүн башталды.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ