Кант шаарында катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Жабыркагандар жана каза болгон жаран бир айылдын тургундары.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ 17-октябрда саат 23: 30 чамасында болгон.
“Honda CR-V» унаасы жолдун четинде токтоп турган трактордун чиркегичин сүзүп токтогон.
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу караңгыда чиркегичти көрбөй калган болушу мүмкүн.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ