Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кытайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк “Тайху” маданий форумуна катышты.
Иш чаранын ачылыш аземинде сөз алган вице-премьер-министр Кытай эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин демилгелеген бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Мындай иш чаралардын бири катары сентябрь айынын башында Ысык-Көл жээгинде болупөткөн үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп саналат. Аталган иш чара дүйнө коомчулугунун колдоосун таап, дүйнө элдеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жөндөмдүү иш чара болуп калганына терең ишенебиз”,- деди вице-премьер-министр.
Форумдун ачылыш салтанатына бир катар чет өлкөлөрдөн анын ичинде Азербайжан, Италия,Польша, Египеттен келген жетекчилер жана бийик даражалуу коноктор катышты.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ