Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат

Бөлүшүү:

«Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында.

Мамлекет башчысы эске салгандай, 2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

«Сот-укуктук реформасы ишке ашмайынча, мамлекет өнүгө албайт. Кыргызстандыктардын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналат. Биз мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт. Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын пробация системасын киргизүүгө болгон начар даярдыгы белгиленип, калган мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берилди.

Белгиленгендей, төрт блоктон — арызды бирдиктүү реестрде каттоо, сотко чейинки өндүрүштөгү реестрди каттоо, соттук өндүрүштөгү актыларды каттоо, жазаларды аткаруу ишин каттоодон турган Бирдиктүү реестр толугу менен өз ишин 2019-жылдын 1-январынан башташы керек. Бүгүнкү күндө арыздарды каттоого тиешелүү болгон биринчи блок гана сыноодон өттү.

КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун айтымында, Бирдиктүү реестрге этап-этап менен өтүү боюнча системалуу жумуш аткарылып жатат. Жаңы 8 мыйзам, Өкмөттүн 26 токтому кабыл алынышы каралган. Каржылоо маселеси толугу менен чечилди. Бирдиктүү реестрди түзүүгө Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, ЖАМК, ЭККМК, МТБМК жана сот системасы катышууда. Бул система менен иштөө максатында кызматкерлерди окутуу жүрүп жатат.

Жеңиш Разаков 2019-жылдын 1-январынан баштап Бирдиктүү реестрди этап-этап менен киргизүү башталаарын белгиледи. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, ЭККМК жана Финансы министрлигинин жетекчилери маселелерди ишке ашырууда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Соттук реформанын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топ Бирдиктүү реестрди түзүүнү ишке ашыруу боюнча өз пикирлерин билдиришип, бул системанын сот-укуктук реформага, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүгө жана өлкөдөгү кылмыш-укуктук статистиканы түзүүдөгү маанисин белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков процессти тездетүү боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин койду. 2018-жылдын 1-декабрына чейин бардык тоскоолдуктар жоюлуп, тиешелүү иш башталышы керек, 2019-жылдын 1-январынан баштап, жогоруда аталган бардык органдар Бирдиктүү реестрдин алкагында ишин башташы керек.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин сот-укуктук реформасын ишке ашыруудагы жеке жоопкерчилигин эске салды.

Кеңешмеге Соттук реформанын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: