Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.
Сот Эмилбек Кайыпов айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевди 3 жылга кести, ал Жазык-процессуалдык кодексинин 63-беренесинин негизинде 2 жыл сыноо менен шартуу түрдө жаза өтөйт. Бул аралыкта ала эч жакка чыкпайт жана дайыма көзөмөлдө болот.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Зилалиевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирип, соттон айыпталуучууну 2 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөсүн суранган.
Эске салсак, Зилалиев былтыр, 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү “өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган” деп жалган маалымат тараткан. Маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага “1532 ВК” мамлекеттик номерлүү “Лексус” машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк “машиненин номуру Зилалиевге таандык экендиги такталган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ