Menu

Таксистти “мууздап салам” деп коркуткан жаран 3 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында мас абалда болгон жаран таксинин айдоочусун туткунга алып, бычак  такап “мууздап салам” деп коркуткан.

Бул иши боюнча кечээ, 18-октябрда соттук отурум болуп өттү.  Аталган маалыматты Жогорку соттон билдиришкен.

Укук коргоочулардын жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда шектүү унаада жубайы жана балдары менен бирге болгон.

Окуя болгон күнү шектүү үй бүлөсү менен коноктон келе жаткан. Ал такси чакырып, “Народный” дүкөнүнөн токтоп коюну суранып, банкоматтан акча чечүүгө кирип кеткен. Унаага кайткан соң ал таксистке бычак такап, “мууздап салам” деп коркуткан. Милиция кызматкерлери келген учурда ал унаанын ичине айдоочу менен бирге бекинип алаган.

Соттук отурумда ал кунөөсүн мойнуна алган, жана анын бул ишке жубайы менен урушуп кеткенинен улам барганын айткан. Таксинин айдоочусу шектүүгө эч дооматы жок экенин айтып, аны эркиндигинен ажыратпай, жумшак жаза берүүсүн соттон суранган.

Укук коргоочулардын айтымында шектүү дал ошол күнү “Народный” дүкөнүнүн кассирин дагы бычак менен коркуткан.

Шектүүнү эркинен ажыратуу чечими кабыл алынып,  сот ага карата 6 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарып ал шарттуу түрдө 3 жылга камакка алынды.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: