Menu

Америкада коркунучтуу оору жайыла баштады. Дарыгерлер оорунун келип чыгуу себебин билишпейт

Бөлүшүү:

Америкада “миелит” дарты жайыла баштады. Илдетке кабылгандардын 90 пайызы балдар. Медиктер оорунун себебин таба албай жатышат. Бул тууралуу “Science Alert” басылмасы жазып чыкты.

Көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борбору быйыл 127 учурду каттоого алган. Дарыгерлердин айтымында акыркы айларда бул дартка кабылгандардын саны тездик менен өсүп, орточо курак төрт жашты түзүүдө.

Миелит нерв системаларын өзгөчө жүлүндү жабыркатат. Оору полиомиелитке окшошуп кетет.

“Биз бул оору тууралуу көп нерсе билсек дагы тилекке каршы анын келип чыгуу себебин аныктай албай жатабыз. Эл, өзгөчө ата-энелер кабатыр болуп жатканын түшүнөбүз”, – деди Иммунизациялоо улуттук борборунун директору Нэнси Мессонье.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: