Menu

Анара Мамбеталиева Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Анара Мамбеталиева кызмат ордуна кайтты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. Жазылган маалымат боюнча Анара Мамбеталиева президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

“Терең Ыраазычылык!
Урматтуу Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович! Мен Сизден акыйкат издеп чоң ишенич менен кайрылып жатканда,ушул күндү кыялдандым эле! Сиздин берген тапшырмаңыздын негизинде бүгүн мен издеген акыйкат ачыкталып отурат. Менин кайрылуумдун арты менен, мени менен кошо мекендештерим толгонуп, чындыкты,акыйкатты кошо күтүп жатышты. 15-август күнү көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктан жылчык шоола издегендей болдум эле.Бүгүн мен ошол жылчыктан күндүн жаркыраган шооласын көрө алдым. Мен үчүн, бул окуя бүткүл өмүрүмө чейин айтып жүрчү аңгеме сыяктуу болду окшойт. Буюрса мындан аркы ишмердүүлүгүмдү таза жана ачык улантмакчымын.Ал эми кокус кимдир бирөөлөр тарабынан мыйзам бузуулар болуп калса, өзүмдүн колумдан келишинче күрөшүп, Мамлекетке өз салымымды кошууга даярмын! Мен көтөргөн маселе аягына чыгат деп Сизге терең ишенем! Бар болуңуз Урматтуу Президент, элдин ишеничин арттырып, ак кызматынызды уланта бериңиз, ден-соолугуңуз бекем болуп, элибиздин батасына арзып, үй-бүлөңүз менен бакубат өмүр сүрүңүз!
Урматтоо менен, Мамбеталиева Анара Хамзаевна!” деп, жазган Анара Мамбеталиева.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: