Menu

Жеңиш Разаков Чехиянын Кыргызстандагы элчиси менен анын дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу жолугушту

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чехия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-чех эки жактуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

«Үстүбүздөгү жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарында кызматташууну келечектүү бекемдөө потенциалы зор», – деди Жеңиш Разаков.

Ошондой эле Разаков белгилегендей, саясий диалогдун активдешүүсү эки өлкөнүн тышкы экономикалык өз ара алакаларына дагы таасирин тийгизет.

Андан соң тараптар болуп өткөн кыргыз-чех бизнес-форумун талкуулашты. Элчи Элишка Жигова бул иш-чаранын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгиледи.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: