Menu

Трамп: журналист Хашогги «чынында эле өлтүрүлгөн окшойт»

Бөлүшүү:

Жамаль Хашогги

АКШнын президенти Дональд Трамп саудиялык журналист Жамаль Хашогги «чынында эле өлтүрүлгөн сыяктуу туюлуп жатканын» билдирди. Мындай пикирин Ак үйдүн башчысы Мэриленддеги Эндрю авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Трамп тергөөнүн расмий жыйынтыктарын күтө турганын, бирок эгер журналисттик өлүмүнө Сауд Арабиянын тиешеси бар экени аныкталса, Эр-Рияд үчүн мунун кесепеттери оор болорун белгиледи.

Түркия бийлиги Жамаль Хашоггинин жоголушуна Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунун кызматкерлеринин тиешеси бар деп эсептөөдө. Ал 2-октябрда дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына кирген бойдон дайынсыз болууда. Журналист ал жакка жаңы никеге туруу үчүн аялы менен ажырашкандыгы тууралуу документтерди алганы барган. Түрк тергөөчүлөрү Хашогги консулдуктун имаратында өлтүрүлгөн деп божомолдоп жатышат. Эр-Рияд расмий бийликтин бул окуяга тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Акыркы күндөрү түрк басылмалары кандайдыр бир деңгээлде журналист атайын өлтүрүлгөн деген версияны ырастаган түрдүү материалдарды жарыялашты. Аларда Хашоггинин жоголгондугу тууралуу иш боюнча шектелип жаткан беш киши Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман Аль Саудга байланышы бар экени айтылат.

Учурда иштин чоо-жайын Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен тергөө тобу иликтеп жатат. Эл аралык укук коргоо уюмдары иш боюнча БУУнун деңгээлинде тергөө жүргүзүүгө чакырышты.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп эгер Хашоггинин ыктымал өлтүрүлүшүнүн артында падышачылык бийлиги турганы аныкталса, анда Сауд Арабияны жазалай турганын убадалаган. АКШ Эр-Рияд менен башка тармактар менен катар коргонуу жана коопсуздук тармагында дагы кызматташып, өлкөгө курал-жарак жеткирип турат. Хашоггинин ишине байланыштуу Вашингтонго бул кызматташтыкты токтотуу чакырыктары бир нече жолу айтылды.

Хашогги бир жылдай убакыттан бери Америкада жашап жүргөн. Ал “The Washington Post” гезитине макалаларды жазчу. Анда ал Сауд Арабиясынын падышалыгын сындап, реформа керек экенин айтып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: