Menu

Унутта калган “Кумтөр” маселеси каралат…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков Өкмөт “Центерра Голд” менен кол койгон соңку макулдашуусу боюнча парламентке маалымат берээрин билдирди. Эске сала кетсек, “Кумтөрдөгү” экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабьш алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Соңку чечим боюнча ал 2-ноябрга белгиленген. Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухаммедкальщ Абулгазиев Жогорку Кеңеште “Кумтөр” боюнча соңку макулдашууда Өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: