Menu

Брюсселде КР менен ЕБ ортосундагы Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн 5-раунду болуп өттү

Бөлүшүү:

17-18-октябрда Брюссель шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоору боюнча (КР-ЕБ КӨКМ) өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн 5-раунду болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын КР Тышкы иштер министринин орун басары Н. Абдрахманов жетектеди, ЕБ делегациясын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбор Азия жана ЕККУ Европа тышкы байланыштар боюнча Департаментинин директору Люк Девинь жетектеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар КР-ЕБ КӨКМ боюнча сүйлөшүүлөр конструктивдүү жакшы арышта өтүп жаткандыгын, анда бир катар оор принципиалдуу маселелер боюнча компромистүү варианттарды табышып жана тараптар ишти ушул эле динамикада улантуусу зарыл экендигин белгилешти.

Министрдин орун басары Н. Абдрахманов европа тарабына ушул раундду өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун ЕБ Өкүлчүлүгүнүн төрагасы Эдуард Ауэр менен Кыргызстанда болгон жолугушуусунун жүрүшүндө КР жана ЕБ кызматташуусундагы башка маселелер менен чогуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарына киргизилген, 2019-жылы КР-ЕБ жаңы КӨКМ түзүү маселеси да талкуулангандыгын белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: