Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов Баткен районунун аймагындагы 50дөн ашык мектепке жылуулук бериле баштаганын билдирди.
Анын айтымында, Баткен районундагы билим берүү мекемелерине кыш мезгилинде 1900 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө бул көмүрдүн 1300 тоннасы (71%) ташылып келинди.
Белиглей кетчү нерсе, район аймагында жалпы 53 мектеп болсо, анын ичинен 36 имарат көмүр менен, ал эми 17 имарат электр энергиясы менен жылытылат. Мектептерге 16-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ