Menu

Бишкекте халал продукцияларынын көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү 2018-жылдын 29-ноябрынан 2-декабрына чейинки убакытта  Евразия Шоу жана Арт-Центр (Eurasia Show & Art Center) көргөзмө аянтында Ислам Өнөктөштүк Уюму менен биргеликте 6-Халал Экспо көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын кыргыз Ресспубликасынданы элчилигинен билдиришти.

7000 км кв аянтта өтө турган  иш-чарада дөйнөнүн 72 өлкөсүнөн келген 30 миңден ашык коноктор, ислам туризми, финансысы менен алектенген ишканалар, халал болгон химия, косемтика, медицина жана фармацевтика боюнча алып барган 150дөй бренд ээлери, уюмдар болоору күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн максаты “халал” азыктарды таанытып, ислам маданиятын жайылтуу болуп саналат. Көргөзмөнүн башында бийлик өкүлдөрү, бизнес ээлери жана маданий жетекчилер болушат. Андан сырткары, медиктер, окумуштуулар сергек жашоо боюнча адистер да аталган иш-чарага катышат . Иш-чаранын алкагында 500дөн кем эмес Туркия, Жакынкы Чыгыш, Орто жана Батыш Европа, Балкан, Африка өлкөлөрүнүн соода ишкерлери менен жолугушуп, эки тарапка пайдалуу келишим түзүп, дүйнөлүк базардагы мамилени өнүктүргөнгө шарт түзүлөт.

Бизнес-программа боюнча ар кандай темадагы сынактар, фестивалдар өткөрүлөт. Кошумча талкуу аянтчасы уюштурулуп, халал азык-түлүктөргө байланыштуу маанилүү суроолорго жооп айтылып, маектешүү жүрөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: