18- октябрда калың жааган кардан улам Тогуз-Тороо районундагы Алакан жайлоосунун Сары-Кыр ашуусунда мал-жандыктары менен ашууну аша албай калып калган 5 чабанды куткаруу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн Тогуз-Торо районунун куткаруучулары үч авариялык куткаруу унаасы менен ашууга чыгып кетишти. Министрлик бул боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлады.
Эскерте кетсек, ӨКМ тарабынан 21-сентябрдан тартып туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатаары тууралуу маалыматтар таркатылып турган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ