Кара-Буура жана Манас райондорунда 9 ай ичинде мамлекетке 60 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, 9 айда экономикалык багыттагы 25 кылмыш жасалган. Анын кесепетинен мамлекетке 60 млн 646 миң сом зыян келтирилген. Бул факты боюнча 19 кылмыш иш козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндын 12 млн 991 миң сому кайтарылып берилди. Бул фактылардын 80%ы, тактап айтканда 12 кылмыш иш жеке ишкерлердин салык жана милдеттүү акыларды төлөбөй койгондугуна байланыштуу болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ