Menu

Бекболот Талгарбеков, саясий туткун: «Турсунбек Акунду беш жылга соттосо болобу?»

Бөлүшүү:

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун «Жаңы Ордо» гезитинде (05.10.2018-ж.) жарык көргөн маегин окуп, менде ага суроолор пайда болду.

Урматтуу Турсунбек замандашым!

Сизге карата менин терең урматтоом бар экенин жакшы билесиз. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери сиз адам укугу, акыйкат, чындык үчүн тынымсыз күрөшүп келдиңиз. Айрымдарга жакшы, айрымдарга жаман көрүндүңүз. Акыйкатчы кызматынан жалган жалаа менен кеткениңиз жалпы элге маалым. Учурда да өлкөдөгү талылуу маселелерге калыс пикир айтып келе жатасыз.

Сизге суроо узатаардан мурда, биздин, «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин беш мүчөсүнүн, мыйзамсыз соттолушу боюнча кыскача маалымат. Биз эки жыл мурда агездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элине кас саясатын, аткошчулары менен бирге өлкөнү талап-тоноп жатканын ашкерелегенбиз. Арамза Атамбаев өткөн кылымдын 37-жылындагы саясий куугунтук ыкмасын колдонуп, зөөкүрлүк менен бизди каматкан. Анын башкы жасоолу, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана «супер киллер», Первомай райсотунун судьясы Мирлан Термечиков мени жана Төрөбай Колубаевди «бийликти күч менен басып алышмак» деп жалаа жабышып, 295-берене боюнча он эки жылдан соттошкон. Элестетсеңиз, бирикмедеги 105 адамдын ичинен экөөбүз эле бийликти басып алмак экенбиз! Калган 103 адам ооздорун ачып, эч нерсе билбей жүргөн имиш. Мындай бет тырмаарлыкты, наадандыкты көрдүңүз беле? Андан кызыгы, Сегизбаев, Термечиков ал он эки жылга ыраазы болушкан жок. Кылмыш ишин козгобой туруп, Колубаев экөөбүздү КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кошумча беш жылдан соттошту. Биз алгач таңкалып жүргөнбүз: «эмнеге эле бул беренени чаптап жатышат» деп. Кийин түшүндүк. Көрсө, 299- берене менен соттошуп, бизди, биринчиден, «террорист» жана «экстремист» деп соттолгондор менен бирге абакта жабык режимде, шарты оор абалда кармашат тура (ошондой болууда). Экинчиден, ал берене менен соттолгондорго мунапыс аркылуу же шарттуу-эрте бошоого толук тыюу салынган экен. Мындай мыйзамга өзгөртүүнү биз камалаар менен КСДП партиясы демилгелеп (албетте, Атамбаев, Сегизбаевдин көрсөтмөсү менен), парламенттен өткөрө салышыптыр. Мурдагы 299-беренеге («улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу») «регион аралык» деген сөздү кошуп, бизди ошого такап, соттошкон.

Турсунбек мырза! Сизге суроолор ушул жагдайдан келип чыкты. Сиздин «Ордо» гезитине берген маегиңизден үзүндү келтирейин: «Атамбаевге караганда мен токтоомун. Ал кишиге окшоп «Нарындыктар малсыңар, таластыктар эл эмес» деп оргу-баргы сүйлөй бербейм». Эми ушул сөзүңүз үчүн сот, прокурорлор сизди камап, анан беш жылга соттоп салышса, кандай абалда болот элеңиз? Албетте, бул суроого: «мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес!» деп чалкаңыздан кетмексиз. А бирок биз Атамбаевдин ушул сөздөрүн гезитке жазганыбыз үчүн, 299-берене боюнча, беш жылдан соттолдук да! «Силер нарындыктарды таластыктарга каршы тукуруп, регион аралык касташууну козуткансыңар» деп жанды кашайтышпадыбы. Бул кашкайган факт. «Бул кылымдык кылмышыбыз билинбесин» дешип, Сегизбаев, Термечиковдор соттук процессти мыйзамсыз жабык өткөрүп, коомчулуктан жашырып келишпедиби.

Урматтуу Турсунбек замандашым!

Сизге, бизге окшогон инсандар, эгемендиктин жыйырма жети жылдык жолунда, «Кыргызстанда зомбулук, наадандык, жүзүкаралык орносун» деп күрөшүп келдик беле? Мен сизге суроону келечек муун, тарых үчүн берип жатам. Учурда 1938- жылкы саясий куугунтук курмандыктары» циклин «Азаттык» радиосунда жарыялап жүргөн журналист Бекташ Шамшиев келечекте самодур президент Атамбаевдин саясий куугунтугунан жапа чеккен туткундар боюнча сиздин азыркы пикирди да чагылдырат деген ойдомун.

Бекболот Талгарбеков

Молдовановка айылы,

15-октябрь 2018-ж.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: