Menu

Фото – Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаарында Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳлѳрү кармалганын Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча 2 шектүүнү 10 күндүн аралыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Алардын бири — 1979-жылы туулган Ж.Н. Мурда түрдүү кылмыштар үчүн 5 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Ал 2018-жылдын 28-сентябрында Ош шаарында 34 жаштагы аялдын денесине залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Андан бери издѳѳдѳ жүргѳн болчу.

Ал эми ушул жылдын 17-сентябрында саат таңкы 04:30 чамасында Оштогу «Шейх» кафесинин алдынан 20 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз адам себепсиз сабап кеткен. Бул факты боюнча издѳѳ иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1983-жылы туулган С.Ы. ѳзү жашаган үйдѳн кармалды. Анын жанынан чет ѳлкѳдө өндүрүлгѳн тапанча алынган. Кармалгандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту бир айга абакта кармоо тууралуу санкция чыгарды. Анын үстүнѳн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ улантылууда.
Учурда бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-234-беренелери (мыйзамсыз курал сактоо жана бейбашчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Ал эми шектүү С.Ы. 2 айга камакка алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: