Бүгүн, 20-октябрда, күндүн экинчи жарымында Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын аныктоо үчүн аны Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна алып келишти.
Буга чейин ал кармалганын КР УКМКнын басма сөз кызматы тастыктаган.
Булактар аркылуу маалым болгондой, Икрамжан Илмиянов «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен бүгүн, 20-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында алынып келди.
Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын 19-октябрда УКМК маалымдаган болчу. Социалдык түйүндөрдө 18-октябрда Икрамжан Илмияновду сыртынан камакка алуу жөнүндөгү баш коргоо чарасы тууралуу соттун токтому тараган. Анда сыртынан УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынганы жазылган.
Тактала элек малыматтар боюнча, Илмиянов ишкерлердин бири катышкан кылмыш ишке байланыштуу. Буга чейин ал иште И.Илмиянов фигурант болушу мүмкүн экени айтылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ