Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралды.
Сот айыпталуучунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.
Кошумчалай кетчү нерсе, Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу) боюнча айыпталып жатканы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ