Menu

Россиялык Regnum басылмасы “Кыргыздар президентине Путиндин учак белекке берүүсүн сурашты” деп жазып чыкты

Бөлүшүү:

Россиянын Regnum.ru  маалымат агенттиги “Кыргыздар президентине Путиндин учак белекке берүүсүн каалашты” деген макала жарыялашты.

Макалада “Азыркы президенттик бортту 10 жыл мурун Путин белекке берген. Дагы бир жолу учак белек кылат деп үмүттөнсөк жакшы болмок, бирок бул биздин компетенцияда эмес”- деп белгиледи аткаминер”, – деп жазылган.

Россиянын басылмаларынын мындай жазуусунда жүйөө бар, анткени,  депутат Таабалды Тиллаев  башка өлкөлөрдөн белек катары сурап болсо да президенттик бортту жаңылаш керек экендигин жана президенттин учагынан уяларын парламентте билдирген.

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Табалды Тиллаев 18-октябрда “Президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сурап болсо да жаңылап бериш керек”,- деп  парламенттин жыйынында айткан.

Ошондой эле “Жаңы авиалайнер алууга Кыргызстандын күчү жетпейт, анткени анын баасы 6,57 млрд. сомду түзөт. Ал эми Кыргызстандын бюджетинде анча акча жок”- деп жазган Россиянын маалымат агенттиги.

Макаланы окуган кыргызстандыктар депутаттын айтканы үчүн башка өлкөлөрдөн уяларын айтышкан.

Ал эми россиялык окурмандар “Эмнеге биздин өлкө бериш керек, дагы эмне керек экен кыргыздарга?”,- деп комментарий калтырып ачуулангандары бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: