Menu

Лионель Месси оюнда колун сындырып алды

Бөлүшүү:

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 9-турунун алкагында “Барселона” өз талаасында “Севилья” клубун кабыл алды. Оюндун 18-мүнөтүндө “Барселонанын” лидери Лионель Месси атаандаш клубдун жарым коргоочусу Франко Васкес менен кагылышууда жаракат алып, 26-мүнөттө Усман Дембелеге алмаштырылды.

Месси 2-мүнөттө Фелиппе Коутинього голдук пас чыгарып берүүгө жана 12-мүнөттө өзү гол киргизүүгө жетишкен. Оюндун 66-мүнөтүндө Луис Суарес, 88-мүнөттө Иван Ракитич гол менен айырмаланып, 4:2 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетишти.

Беттештен кийин каталондук клубдун расмий баракчасы Мессинин оң колу сынганын тастыктап, калыбына келүү мөөнөтү 3 жумага созуларын кабарлады. Буга байланыштуу футболчу 28-октябрда орун алчу “Реал Мадрид” клубу менен болуучу оюнга катыша албайт.

Эскерте кетсек, акыркы 11 жылдан бери алгачкы жолу Эль-Классико беттеши Мессисиз өтөт. Акыркы жолу ал 2007-жылы жаракатына байланыштуу “Реал Мадрид” – “Барселона” оюнуна катышкан эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: