Menu

Фото – Эдил Байсалов: “Атамбайчылар Данияр Аттокуров, Дамир Мусакеев, Рита Борбукеева туугандары менен Караколдо Сагынбек Абдракмановдун “Атамбаевсиз КСДП!” жыйынын үзгүлтүккө учурата алышпады”

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-октябрда КСДПнын ички оппозиционери  Сагынбек Абдракманов Каракол шаарында уюштурган “Атамбаевсиз КСДП!” аттуу КСДПнын Ысык-Көл облустук партиялык конференциясы ийгиликтүү өткөнүн бир нече блогерлер жазып чыгышты жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды:

“Каракол шаарында КСДПнын Ысык-Көл областтык конференциясы өтүп, Сагынбек Абдрахманов сунуштаган “Атамбаевсиз КСДП!” деген ураанды жана резолюцияны алымча-кошумчасы менен, бир добуштан кабыл алды!”, – деп жазат Фейсбуктун Калыс Жанышев аттуу колдонуучусу.

“Демек Сагынбек Уметалиевичтин “Атамбаевсиз КСДП!” деген ураандын астында КСДПнын катарын уурулардан, жемкорлордон тазалоону, Ыссык-Көл облусунун КСДПчылары толук колдогон экен. Бар болгула касиеттүү Көлдүн эли! Буюрса КСДПы эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан жемкорлордон, уурулардан сөзсүз түрдө тазаланышы керек! Бүгүнкү өткөн конференциянын максаты, КСДПнын кезексиз республикалык сьездин өткөрүүгө делегаттарды шайлоо!  КСДПнын кезексиз съездинин максаты, Атамбаевди КСДПнын төрагалыгынан түшүрүү! КСДПнын катарынан чыгаруу! – деп жазат Камбар Пусуров.

“Ысык-Көлдөгү илгерки (таза) КСДПчылар өткөргөн партиянын жыйынына 250 киши катталып, талкууга катышышты. Көлдүк КСДПчылар президент кезинде жыргатпаган Атамбаевдин колунан эми эмне келмек эле дешүүдө. Алар Атамбаевди гана эмес партияны чиритип жаткан мурунку “Алга Кыргызстан”,  “Акжолчуларды” дагы чыгарып, полит.советти толук алмаштыруу талабын дагы айтышты. Мен Атамекенчи катары илгерки санаалаштарды колдойм”, – дейт Жакшылык Бердибек уулу.

“Эн жогору денгелде өттү! Бир күндө эки жакшы жаңылык болуп, биринчиси, Икрам кармалып, экинчиси болуп Көлдүктөр КСДП Атамбаевсиз деген ураанды колдоп бергени абдан сонун жаңылык болду.

Рита Борбукеева байкуш Атамбаевден алган акчасын отработка кылыш керек  деп, конференцияны бузам деген ой менен келип, ою ишке ашпастан, чогултуп келген 3-4 адамы менен кайра кетти”, – деп жазат Алик Бутумбаев.

“Данияр Аттокуров провокация кылам деп алып барган кишилерин ат тепкендей кылып, Сагынбек Абдрахмановду колдогон эл кубалашкандары кызык болуптур. АША эми кимисине буйрук берет экен”, – деп жазат Бакыт Сыдыков.

“Бүгүн атамбайчылар Караколдо “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын облустук конференциясын өткөрүүгө каршы биринчи жолу опузалоо аракетин жасашты. Бишкектен Данияр Аттокуров (Атамбаевдин мурунку жардамчысы, азыркы депутат – ред.) Дамир Мусакеев (Атамбаевдин жан сакчысы – ред.) Кыяс Смаиловдор келишти. Жеринен Рита Борбукеева(мурунку “Азаттыктын” кабарчысы, 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн орун басары, азыр пансионаттын директору – ред.) өзүнүн тууган-уруктарын жыйнап келди. Бирок баары биригип жыйынды үзгүлтүккө учурата алышпады”, – деп жазат коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: