Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Чүйдө коркутуу жолу менен жарандын мүлкүн тартып алууга аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Сокулук районунун жашоочусун күч колдонуу менен автоунаага салып, Военно-Антоновка айылынан өткөн Чоң-Чүй каналы тарапка алып барышкан. Ал жактан алар коркутуу жолу менен Сокулуктун тургунуна тиешелүү болгон 2 жер тилкесин жана “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаасын өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.
Жогорудагы фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Издөө иштеринин натыйжасында 29 жаштагы В.Т. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн кылмышка тиешеси болгон башка шериктери изделип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ