Menu

Шоопур Илмияновдун камалышына экс-президент Атамбаев кандай реакция жасады?

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-октябрда укук коргоо органдары экс-президент Алмаз Атамбаевдин “оң колу”, “серый кардинал” Икрамжан Илмияновду  кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык”, “бирөөнүн мүлкүн тартып алуу” беренелери боюнча айыптап, камакка алгандан кийин  Атамбаевдин ага болгон реакциясы тууралу КСДПнын басма сөз кызматы үн каткан жок.

Ошол эле учурда КСДПнын КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде турган журналист, Атамбаевдин “Форумунун” эшигин буту менен тээп ачкан Аслан Сартбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында: “Икрамдын камалганына Атамбаев ачууланып, радикалдуу кадамдарга барганы калды…  Шопурдун камалышы өлкөдө чоң чатакка айланса коомчулук кандай кабыл алат? Эмнеге Икрамдын камалышы чоочутту? Ошол боюнча акыл калчабайсынарбы?”- деп жазды.

Ал эми коомдук ишмер, баса, экс-КСДПчы Эдил Байсалов: “Илмияновдун камалышына Атамбаев аябай катуу реакция жасаптыр. Столду ургулап, кыйкырынып, тилденип. Баарын жазалайм, баарына көрсөтөм деп коркутуп жатат дейт. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор камалганда мындай катуу ачууланган эмес, бирок азыр башка да…  Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Илмияновду колдоп, болгону 20 эле киши келди”, – деп жазган.

Ал эми Атамбаевге жакын топтордон “Шеф 22-октябрда Москвага учмак, бүгүн билетин кайра авиакассага, артка тапшырдык. “Эгер мен Икрам камалганда Москвага кетип калсам, качып кетти деп, ызы-чуу кылышат” деп сапарын токтотту” деген маалымат алдык. Кыязы Атамбаевдин Москвага сапарынын максаты Путин байкеге барып, Жээнбековдун үстүнөн арызданып, колдоо таап келем деген ой болсо керек. Бирок Россиянын атайын кызматтары Илмиянов Атамбаевдин эң жакын кишиси экенин билип туруп кармап, Кыргызстанга өткөрүп бергени бул Атамбаевге карата “биз расмий бийликти, Жээнбековду колдойбуз!” деген сигнал экенин түшүнгөндөн кийин Москвага сапарынан баш тартса керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: