Menu

Тажик бийлиги Хорогдогу кылмыштуу топтун башчыларынын атын атады

Бөлүшүү:

Толиб Аёмбеков

Тажикстан бийлиги аймактын бейрасмий лидерлери — Толиб Аёмбеков, Мамадбокир Мамадбокиров, Ёдгор Мамадасламов, Хурсанд Мазоров жана Мунаввар Шанбиевди расмий түрдө Хорогдогу уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары деп атады.

Мамлекеттик «Ховар» агенттигинде жарыяланган билдирүүдө жогоруда аты аталган кишилерден жана облустун башка жарандарынан 200 даана ок атуучу курал, анын ичинде 72 Калашников автоматы, 3 пулемёт, 2 гранатомёт, бир зениттик комплекс, 37 пистолет, 11 карабин, башка курал-жарактардын 47 түрү, 36 даана граната, 4700 даана ок-дары жана 900 грамм жардыруучу зат алынганы айтылат.

Хорогдогу коопсуздукту камсыздоо боюнча түзүлгөн мекеме аралык штаб арсенал 16-октябрга чейин табылганын маалымдады.

Расмий билдирүүгө караганда, аймактын лидерлери атыккан беш киши эркиндикте жүрөт, куралсыздануу үчүн аларга мөөнөт берилген. Талап аткарылбаса, мыйзам алкагында чара көрүлөрү эскертилген.

Тажик бийлиги мындан тышкары Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун жашоочуларына күмөндүү чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салды. Мындай жыйындарга катышкандар кылмыштуу топтун мүчөсү катары эсептелип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 15-сентябрда Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунуна барып, аймактагы башаламандык үчүн жергиликтүү бийлик башчыларын кескин сындаган. Облуста анын ичинде Хорог шаарында коопсуздукту жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого эки ай убакыт берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: