Кечээ, 21-октябрда кечки саат 20.00 чамаларында “Кыргызаэронавигация” ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев белгисиз адамдар менен болгон мушташтын натыйжасында көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Жакыпбаев унаасы менен башка унааны сүзүп алган, кийин андан эки адам түшүп, алардын ортосунда кайым атышуу пайда болуп, мушташ чыккан.
Укук коргоо органдардын айтымында маркумдун унаасында анын жубайы дагы болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда Жакыпбаев урулган соккудан жыгылганда башы менен бордюрга тийип, алган жаратынан көз жумган.
Окуя болгон жерге Октябрь районунун ИИБнин кызматкерлери чакырылган, иликтөө жүрүп жатат.
Ал эми журналист Тынчтык Алтымышев Фейсбуктагы баракчасына “Маматназар Жакыпбаевди эки мас адам уруп, башына белгисиз нерсе менен урганда эсин жоготкон. “Бордюрга башы менен тийген” деген калп. Бир аздан соң күбөлөрдүн крсөтмөсүн жарыялайбыз” деп пост жазды.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ