Menu

Таабылды Тиллаев, депутат: Кудайдын колдоосу, ата-энемдин батасы менен ийгиликке жетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Тиллаев акыркы убактарда талылуу маселелерди байма-бай көтөрүп, коомчулукта жылуу пикир жаратууда. Ар убак позитивдүү маанайда жүргөн өрүк зарлуу Баткендин кулуну, ишкерликтен ийгилик жараткан депутат мырзанын өмүр жолу көпчүлүккө кызык. Бүгүн биздин «Бейне» рубрикабыздын мейманы Таабалды мырза суроолорубузга ачык-айкын жооп берди.

—Таабалды Гапырович, келиңиз балалыктын баа жеткис күндөрүн эстөө менен маегибизди баштайлы?

—Балалыкты жылмаюу менен эстеп калам. Бала кезде момун, жоош бала болчумун десем уят болуп калат. Аны менен катар, «эшиктен чыгып тешиктен кирген» тентек болбосом да шоктугүм бар болчу. Анткен менен мектепти жакшы окудум. Балалыктын ар бир күнү бакыт экендигин учурунда сезбей, кийин билет турбайбызбы. Эч нерсеге алмашкыс ал күндөрдү кадимкидей сагынам…

—Мектепте окуп жүргөндө кыздарга кат жазгансызбы?

—Ооба, жазганда да кандай жаздык?! Бир айылда, бир көчөдө, бир мектепте чогуу окуган кыздарга жазган каттарыбыз: «Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Эмне жаңылыктар бар?»-деп башталчу. Анан дагы, «Сага узун-өмүр, бакыт тилейм» деп кошуп койгонубузду эстесем азыр да күлөм. Балабыз да, катты ушинтип жазат экен деп ойлосок керек да. Анан анын жообун күтүп улам ал тарапты карап, таттуу кыялдарга батчу элек. Кээде жооп келсе, кээде келбей калчу. Айтор, ал кездеги кат жазуу, балалык сүйүү, деги эле кыздардын көңүлүн алуу башкача эле. Азыркылар таптакыр башкача сүйөт эмессиңерби…

—Кичи мекениңизге, ата-энеңизге бат-бат барып турасызбы?

—Мен ата-энеси менен чогуу жашаган бактылуу инсандардын катарын толуктайм. Күн сайын ата-энемдин батасын алып туруу эбегейсиз бакыт деп эсептейм. Бекеринен, «Бейиш энелердин таманынын алдында» деп айтылбаса керек.

—Бала кезде эне-атанын тилин албай, анын айынан эстен кеткис токмок жеп көрдүңүз беле?

—Апам мени шоктугумдун айынан бат-бат жазалап турчу. Таяк жегенимди унутуп калып канча жолу кайталап келтек жегеним эсимде жок. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз агам, эжем анан мен. Кичинемде эжем экөөбүз уруша кетип аны сабап койгон элем. Ошондо жини кашайган атам мени эси-көөнүмдөн кеткис кылып бир жолу жазалады. Болгондо дагы кууп жүрүп токмоктогону эсимде. Андан кинин атамдын колу тийген жок. Көкүрөк күчүгү болгонум үчүнбү, ата-энеме абдан жакын чоңойдум.

—Байкашыбызча ар дайым жайдары жүрөсүз, сыртыңыздан караганда таптакыр жини келбеген кишидей көрүнөсүз?

—Ооба(күлүп). Баары мага сиз айткандай мүнөздөмө беришет. Сыртымдан ошондой көрүнгөнүм менен ачуум аябай бат келет. Бирок, бат жазылып кетем.

—Айылда чоңойгондон кийин кара жумуштун баары менен «тааныш» болсоңуз керек?

—Албетте. Кара жумуш кылып эле өскөн жигитмин. Борбор калаабыз Бишкек шаарында деле жер тамда жашайбыз. Короодо чакан бакчабыз бар деген дей. Андыктан убакыт болуп калганда бакчага көңүл буруп, алма-өрүк, бакты карап, жашылча жемиштерди сугарып эрмектейм.

—Багбанчылыкка кандайсыз?

—«Мичурин» эмесмин, ошентсе да өз колум менен бак олтургузгам. Эркектин үч милдети бар. Өз колу менен там салуу, бак олтургузуу анан уулдуу болуп артына туяк калтыруу дешет го. Буюрса баардык милдеттеримди аткарып эле келе жатам. Азыр бакчадагы мөмө жемишти карап, жаз алды менен кайчылап бутап, аларды мезгил-мезгили менен сугарып турам.

—Машина айдоодо шумахерсизби?

—Жок, катуу айдабайм. Мыйзамды сактап, жол эрежесин бузбай айдаган айдоочулардын катарындамын. Эс алуу күндөрү гана туугандарга же досторго жолутууга барган да унааны өзүм айдап калбасам, негизинен айдоочум бар.

—Эгер жашыруун болбосо ишкерликти эмнеден баштагансыз?

—Мен кылган ишимди, жасаган бизнесимди жашырган адам эмесмин. Бензин алып сатуу менен ишкерликти баштагам. Кудайга шүгүр кылам, тапканым үй-бүлөмдү толук камсыздаганга жетет. Ишкерлик кылуу оңой эмес, жыргалынан азабы көп. Учурда мен баштаган ишкерликти жакындарым улантууда, мен депутаттык ишим менен алекмин.

—Мас болгондо кандай маанайдагы Таабалдыга айланып кетесиз?

—Кээде той-топурда ууртап татып койгонум болбосо көп ичпейм. Маанай «компанияга» жараша болот.

—Ар бир эркек сулуу кызга суктануу менен карайт го. Анын сыңарындай, сулуу кыздарга кез-кездерде «комплимент» айтып коесузбу?

—Тим эле, зымга тизгендей түз журөм десем болбой калат. Кырдаалга жараша кээде айтып коём. Силер сырдын баарын ачасыңар го, ыя? (каткырып)

—-Социалдык тармакта барсызбы?

—Интернеттен кээде жаңылыктарды карап койгонум болбосо социалдык тармактын биринде да катталган эмесмин. Чынын айтканда убактымды болбогон нерсеге короткум келбейт.

—Бир сому жок убактыңыз болобу?

—Биздин жаштыгыбыз күркүрөгөн союз тарап, баардык тараптан кризис каптап, республикабыз жаңы гана туптөлүп жаткан учурга туш болуп калды. Студент кезде бир айлап акчасы жок калган убактар болгон. Азыр деле кээде таптакыр акчам жок калган учурлар болот.

—Чет өлкөдөн кийинет чыгаарсыз?

—Жок, Бишкектен эле кийинебиз үй-бүлөбүз менен. Чет өлкөнүн кийимдери менен биздин кийимдердин айрымасы деле жок. Сапаттуу кийимди шаарыбыздан деле тапса болот.

—Жубайыңызга жаш кездегидей азыр деле гүл бересизби?

—«Келинчегиме бат-бат гүл тартуулап турам» десем эртең сөзсүз жеңең сурайт: «Качан гүл бердиң эле, эстечи?»-деп. Ансыз деле мурдагыдай азыр гүл бербей калдың деп таарынып жүрөт. Кээде, белгилүү бир күндөрдө гана гүл алып барбасам, жума сайын гүл көтөргөн романтиктерден эмесмин.

—Футбол чемпионатында уктабай оюн көргөндөрдүн катарындасызбы?

—Ананчы? Аябай кызыгам. Өзүм дагы маал-маалы менен футбол ойноп турам. Мындан улам чемпионат болгондо баардык иштерди жыйыштырып салып футбол көрөм. Бирок, чет өлкөлөп футбол өтүп жаткан мамлекеттин өзүнө чейин барып сүрөөнчү боло элекмин.

—Күлук ат кармап, саяпкерлик кылууга кызыгасызбы?

—Кыргыздын ар бир мырзасы жылкы баласына жакын эмеспи. Менин да кызыгуум бар, көптөн бери кызыгып жүрөм. Күлүк аттарды кармап, аны таптап чоң оайгелерге чапсам деген изги тилегим бар. Убакыттын тардыгынан ойлогон оюм ишке ашпай жүрөт.

—Сиз теңдүүлөрдүн, тагыраагы 40 жаштан ашкандардын алды небере жыттап калышпадыбы. Сиздин дагы балдарыныз чоңоюп, кайната болоюн деп калсаныз керек?

—Улуу кызым быйыл 19 жашка чыкты. Ал турмушка чыкса ыйлайм го. Убакыт учкан куш экен, кечээ эле төрөлгөн балдарым бой тиреп өсүп келе жатат. Балдардын бактылуу жашоосу биздин кубанычыбыз да. Балдарым, кыздарым бактылуу болсо менде андан өткөн бакыт жок.

—Кекчилсизби?

—Таарынган адамды кечирем. Кектейин деп аракет да кылып көрбөптүрмүн.

—Балта-чот кармай элегиңизге канча болду?

—Мезгил-мезгили менен керек учурда колдонуп калам. Үй тиричилигинде керек болуп калат дегендей. Үйдөгү кем-карчты оңдоп-түзөп коюш менин кожоюндук милдетим деп эсептейм.

—Кимдин колдоосу менен бутуңузга тургансыз?

—Кудайдын колдоосу, ата-энемдин батасы менен буткатургам десем жаңылышпайм. Батасыз ийгиликке жетише албайт элем.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: