Menu

Шахзаман Момбеков, “Кыргыз Жол курулуш” компаниясынын директору: Бизди алдаган “Чакыр Япы” компаниясынын колунда эч кандай документи жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Талас-Тарас Суусамыр жолун салуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы кредит катары берген акчага Түркиянын инвесторумун деп өзүн тааныштырган «Чакыр Япы» компаниясы менен келишим түзөт. Тагыраагы тендерден дал ушул компания жол салуу үчүн жеңип чыгат дагы ишти колго алат. Жалпы узундугу 30 чакырыгы болгон бул жол 17 миллион 500 миң АКШ долларына бааланган. Жол негизинен үч фазадан туруп, үчүнчү фазасын «Кыргыз Жол курулушу» компаниясы субподрядчик катары дал ушул жолдо «Чакыр Япы» компаниясы менен 9 миллион, 976 миң АКШ долларына келишим түзүп иштей башташат. Иш бүтөөрүнө аз калганда түрк компаниясы тарап ар кандай шылтоолорду айтып кыргыз компаниясын алдап, акчаларын бербей кача баштаган. Ал аз болгонсуп кыргыз компаниясын дагы бир миллион доллардан ашык акчага сызга олтургузушкан. Учурда бул иш боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатканы баарыбызга маалым. Бул чырлуу ишти коомчулукка чыгаруу максатында «Кыргыз Жол курулуш» компаниясынын башчсыын кепке тарттык.

«Ада-Кенч» деген фирмага бөлүп кетишет. Ошондо биздин келишим 9 миллион, 9/6 миң долларга түзүлүп, 2015-жылдан бери жумуш жасап келе жатканбыз. «Чакыр Япы» негизги компания болуп, транспорт министрлиги менен келишим түзүшкөн. Ар бир айда жасаган жумушубузду биз буйрутмачыларга өткөрүп беребиз. Ошол убакта ар бир айда жумушту өткөрүп берип жатканда алардын доосу болсо «бул жумушту кабыл албайбыз, макул эмеспиз» деп жазып бериш керек эле. Бирок ал убакта эч нерсе деп айтышкаң эмес. Буйрутма берген тараптан эч кандай доомат коюлган жок. 2017-жылы декабрь айында келишим боюнча ишти бүтүрүп тапшырып беришибиз керек эле. «Чакыр Япы» компаниясы бизге 2017-жылы октябрь айында 1 миллион 800 миң доллар карыз болушат. Биз аларга кат түрүн дө, ооз эки да акчаны сурайбыз. Анткени иш жүргүзүп жатканда курулушка керектүү каражаттарды карызга алып, жумушчулардын да акчасын бере элек болчубуз. Убагында акчаны бере албай калышты. Аңгыча ноябрь айында «акчабыз болбой жатат, бир аз күткүлө, 2018-жылы ай сайын 500, 400 миң доллардан кылып бөлүп берели»-деп чыгышты. Биз ага деле макул болуп, мейли эми чогуу иштеп жатсак шартына карайлы деп жумушубузду жасай бердик. Көрсө булар жумушубузду бүтүрүп алалы деп бизди алдай беришиптир да. Акчаны бере албай ар кайсыны айтып алдап баштагандан кийин «акчаны бергиле, убадаңарга тургула»- десек эч нерсе жок. Март, апрель айларында да шылтоо айта башташканда гана алданып жатканыбызды түшунүп УКМКга арыз жаздык. ОсОО «Кыргыз Жол Курулушка» 1 867 024,42 доллар карызыбыз бар деген келишимдин негизинде УКМК иш козгоп учурда тергөө журүүдө.

—Алданып калганыңыздарды кеч түшүнүп калдыңыздарбы?

—Ооба, эми эл кыйналбасын, жолду бүтүрө берели, Талас элинин алдында уят болбойлу, компаниянын имиджи тушүп калбасын деп жумушту өзүбүздүн акча менен бүтүрө салдык. Андан башка дагы карыздарыбыз азыр күн сайын сурап телефондун жаагын тындырбай жатышат. Жөнөкөй адамдардын айлыгын бере албай уят болуп олтурабыз.

—Азыр жумуштун канча пайызы бүтпөй жатат?

—Жанындагы тратуарлары бүтпөй калды. Ал жакта азыр эч ким иштеген жок. Калган жумуштардын баары бүткөн.

—Эми сиз ошол түрк компания биздин бийликтин чечимдерин сыйлап, келип акчаныздарды кайтарып берет деген үмүтүңуз барбы?

—«Чакыр Япы» компаниясынын чынын айтканда Кыргызстанда бир дагы күрөгү жок. Келишимдин негизинде «Чакыр Япы» өздөрүнүн адамдары, техникалары менен келип иштеши керек болчу. Азыр карап көрсөңүз бир папка менен калеминен башка эч нерсеси жок. Жумуштардын баарын бүтүрдүк.

—Транспорт министрлиги түрк компаниясы менен келишим түзүп жатканда талапка ылайык техникаларын, банктагы каражаттарын карабаптырбы?

—Билесиздер, мыйзамга ылайык баардык компаниялар биздин өлкөгө тендер аркылуу келишет. Тендерден өтүп жатканда баардыгын текшеришет. Алар кыргыз өлкөсүнүн баардык мыйзамдарын бузушуп, ага кошуп бизди да алдашты. Муну тастыктоочу документтерибиз бар. Жумуш бутсүн деп жатып акыры өзүбүз банкрот болдук.

—Арыз жазбай чечишсе болбойт беле?

—«Чакыр Япы» бир миллион долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен деп депутаттар айтып жатышпайбы. Биз жумуштардын баарын аткарып жүрсөк тигилер тарап аткарылбаган иштердин баарын аткарылды деп документтерди жасап, эки үч кишинин колун коюп акчаны алышкан. Азыр дал ушул негизде кылмыш иши козголгон, тергөө жүрүп жатат.

—Башында канча сомго келишим түзүлгөн?

—9 миллион, 976 миң АКШ доллары болгон.

—Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитет бул иш боюнча иш алып барып жатпады беле, кандай жыйынтыкка келишти?

—Ооба, депутаттар «Чакыр Япы» компаниясынын иши боюнча атайын Таласка барып келишти. Ал жерден транспорт министрлигиндеги тиешелүү адамдар «жасалбаган ишти жасалды деп айтып акчаны чыгарып кетишкен» деп айтып тастыктап беришти. Аткарылбаган жумушту кантип көрсөтүшмөк эле. Депутаттар тиешелүү күч органдарына бул ишти жиберебиз деп жатышкан, билбейм калганы кандай болду.

—Мындан кийинки сиздин аракет кандай болот эми?

—Иштин баары күч органдарында. Алар кандай чечим чыгарат биз макулбуз. Акчабызды кайтарып беришсе карапайым жумушчулардын, башка курулуш каражаттарын алган фирмалардын акысын бермекпиз. Баарынан да банктан насыя алганбыз. Ушул жагынан коркунучубуз бар.

—Шүкүр мырза «Ислам банкы бул курулушту каржылаган, анан кантип акча жасайм? Алар текшерип турушат да»-деп айтып күнөөнү сиздерге оодарууда….

—Каржылоо банктары Ислам өнүктүрүү банкы 41% пайыз, Сауд өнүктүрүү фонду 49%, Жол министрлиги 10% каржыламак. Аткарылбаган жер жумуштарын аткарылды деп документтерди жасап, акчаны чыгарып кетишти да. Жогоруда айтылган банктар менен келишим Жол министирлиги жана «Чакыр Япы» ишканасын ортосунда келишим түзүлгөн. Ошондо ким күнөлүү экендиги түшүнүктүү эле болуп жатбайбы.

—Түрк тарап эмне деп жатат?

—Алар акчасын төлөбөстүн айласын издеп, бизди 8 ай алдашты. Акырында биз катуурак акчаны талап кыла баштасак 4-июнда бир тараптуу келишимди бузуп чыгып кетишти. Андан бери сүйлөшө элекпиз.

—Менеджери түрмөдөбү?

—Менде андай маалымат жок. Эсейтери жабылганы кимдир бирөөсү түрмөдө экендиги жөнүндө күч органдары өздөрү жооп берсин. Бирок менин маалыматым боюнча эч кимди камаган эмес,бул сөзү менен сизди дагы алдап жатканы далил.

—Түрк компаниясына сиздердей алдангандар барбы?

—ОсОО «Ада Кенч» деген компания азыр биздин аба, менен олтурушат. Аларды дагы ишенчээктигинен пайдаланып «Чакыр Япы» сызга  олтургузуп кетти. Көрөсүздөр, сиздердин аракети менен чоң резонанс ачылат. Себеби биздей болуп калгандар аябай көп.

—Өкмөт кандай жооп кайтарды?

— Биз арызды баардык тиешелүү жактарга бердик, азырынча тыңгылыктуу жооп ала элекпиз. 1 миллион долларды уурдаганы, техникасы жок келип алдамчылык иштерди жасаганы, биздин тыйыныбызды бербей жүргөнү, азыркы күнгө чейин жол тапшырылбай тургандыгы үчүн Жогорку Кеңештин комитетине чакырышты эле айтып бердим. Мунун баарын тастыктап берүүчү документтерибиз бар. Кыргызстанда биз салык төлөйбүз, жумушчу орундарды түзүп беребиз. Бул кредитке келген акча. Анан кайдан жайдан чет өлкөдөн бир фирма бир ручкасын көтөрүп келет, кыргыздарды иштетет. Бул курулушта биз он миллионго, дагы бир трубаларды койгон фирма 3 миллионго бүтүрсө жалпысынан 13миллион сомго гана иш бүттү. Калган 5 миллионду Чакыр Япынын жетекчилери чөнтөгүнө салганы аз келгенсип 3 миллион долларга жакын акчабызды бербей, кайра абадан жасаган 1 миллионду да алып кетишкени аябай ызалантты. Биз деле ушул жолду салмакпыз. Негизинен жолдорду биз салдык. Кредитке келген акчаны үнөмдөп жок дегенде жарымын кыргыз компанияга беришсе жакшы болмок. 18 миллион долларга эмес, 10 миллион долларга жасап бермекпиз. Үнөмдөлгөн 8 миллион доллар акчага 8 мектеп салсак болбойт беле. Анан дагы түрк компания акчасын алып келсе мейли, жөн гана биздин өлкөгө кедген кредиттерден акча жасап кеткен шылуундарга алданып олтурабыз. Эстеген жерден күйүп кетем. Бирок бир нерсени билем, бул окуя менен өлкөдөгү чоң коррупциянын бети ачылат, биз аягына чейин турабыз.

—Күч органдарына ишенесизби?

—Арыз жазгандан бери эки ай бою УКМКнын тергөө бөлүмү жактан тергөө иштери такыр жылбаганы Кыргызстандын жараны катары мени аябай кейитет.Тергөө иштери жүрбөй жатканын ойлонүп ар канда! ой кетет экен. Бирок акыркы октябрь! айындагы тергөө иштериннн жандануусу мени кубандырды. Ишенем же ишенбейм деп айта албайм, Кудайдын буйруганы. Азыр биз баардык кырдаалга даярбыз. Анткени биздин тастыктоочу документтерибиз бар. Ал эми биздин журналисттерге Стамбулда жатып алып арызданган «Чакыр Япы» компаниясынын колунда эч кандай документ жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени биз алдабай таза иштеп бүтүргөнбүз. Эгер де ушунчалык таза болуп биз аларды алдап жатсак байланыштан чыкпай далилдерин көтөрүп Кыргызстанга келсин. Келип Кыргызстан Республикасынын мыйзамы ылайык күч органдарына далилдеп берсин. Биздин өлкөдө баарыбызды сызга олтургузуп ишин жаңыдан баштап жаткан компанияны банкроттук абалга кептеп туруп уялбай анан күнөөлөгөнү туура эмес. Акыры, эртеби кечпи акыйкаттык орнойт. Мен буга сөзсүз ишенем.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: