Кечээ, 21- октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып 1 адам каза болуп, 6 адам жарадар болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 105- чакырымындагы Кызыл-Октябрь айылында болгон. Анда “Toyota Нarrier” жана “Mercedes” үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза болуп 6 адам жаракат алган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып каза болгон жана жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ