Menu

Өзбекстанда прокурор мурдагы күч түзүм жетекчилерин узак мөөнөткө кесүүнү сурады

Бөлүшүү:

Нодир Туракулов.

Өзбекстанда прокурор аскер сотунан мамлекеттик коопсуздук кызматы, прокуратура, милиция жана ишкерлерден турган 12 кишини узак мөөнөткө эркинен ажыратууну сурады.

Мамлекеттик айыптоочу соттон мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары – Шухрат Ташпулатовду 12 жылга, Хаёт Шарифходжаевди 14 жылга, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Нодир Туракуловду 16 жылга, ушул эле мекеменин тергөөчүсү Эргашевди 10 жылга түрмөгө кесүүнү сурады.

Мындан тышкары ал өзбек атайын кызматынын мурдагы жетекчилерин наамдарынан жана мамлекеттик сыйылыктарынан ажыратууну талап кылууда. Алардан башка алты ишкерди 6 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө камоону суроодо.

Сот айыпталуучулардан мамлекетке жана жарандарга келтирилген миллиондогон зыянды мажбурлоо жолу менен төлөтүүгө милдеттендирери күтүлүүдө. Өзбекстан күч түзүмдөрүнүн мурдагы жетекчилери ири өлчөмдө айыппулга тартылышы да мүмкүн.

Айыпталуучулар алдамчылык, опузалоо, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кылмыштуу топ түзүүгө күнөөлөнүүдө. Сот өкүмү келерки жумада чыгары күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: