Menu

Фото – Жал кичирайонунда шаар тургундарынын сейилдөө жана эс ал алуу бакчасы ачылды

Бөлүшүү:

Борбордук Жал-23 кичи районунда шаар тургундарынын сейилдөө жана эс ал алуу бакчасы уюштурулду.

20-октябрда сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жана Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Жаныбек Абировдун колдоосу менен Жал-23 кичи районунда дагы бир сейил багы пайда болду.

Бул жерге шаардык бюджеттен 3,5 млн сом бөлүнгөн. Сейил бакты көрктөндүрүү иш-чаралары эки айда бүттү.

Жакшы саамалакта бирге болууга БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров өзү да келди. Ал тургундарды чын жүрөктөн куттуктап, бардык жакшылыктарды каалап өттү.

«Бул башталышы гана! Инфраструктура боюнча, бөтөнчө сугаруу системалары боюнча биз иштерди дагы улантабыз. Шаар башчыларынын негизги маселеси тургундарга жана шаардын конокторуна комфорт менен жайлуулукту камсыз кылуу» — деп белгиледи БШК төрагасы.

Сейил бакты түптөө демилгеси үчүн Жал-23 кичи районунун тургундары Шатрин М.А., Дзюба В.А. жана Таштанбеков М.Д ардактуу грамоталар менен сыйланышты.

Жаныбек Абиров ошондой эле Ленин районунун акими Нурдин Тынаевге, МТБ 5тин башчысы Райым Жолдошевге, «Зеленхоз» МИнын өкүлдөрүнө жана «Жал ынтымагы» коомдук бирикмесине колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарадан соң бардык катышуучулар бакчада сейилдеп, баарлашууда жакшы убакыт өткөрүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: