Menu

Тилек Машрапов Орусиялык мушкер Адам Яндиевди беттешүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Аралаш уруштун түрлөрү боюнча Кыргызстандык мушкер Тилек Машрапов Орусиялык мушкер Адам Яндиевди беттешүүгө чакырды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

29 жаштагы Тилек Машрапов үстүбүздөгү жылдын март айында АКШда өткөн “Sparta Combat League 66” турниринде 38 жаштагы жергиликтүү мушкерге утулуп калган.

“Ассалому алейкум достор! Мен АКШдагы мелдеште жеңилген жокмун деп ойлойм! Себеби калыстык болбой калды, өздөрүнүн спортчусуна тартып коюшту! Мен андан кийин беттешүүгө чыга элекмин. Иштеп жүрдүм, убактымды үй-бүлөмө бөлдүм. Эми кайрадан спортко кайтып келүүнү чечтим. 2018-жылдын декабрь айында өтүүчү “JFC NIGHT NIGHT” мелдешинде мага атаандаш издеп жатышат. Мен бул мелдеште Орусиялык Адам Яндиев менен беттешким келет. Кел Адам! Мыкты беттеш өткөрөлү”,- деп билдирүү калтырган Машрапов. 

Учурда Кыргызстандык мушкердин өздүк рекордунда 9 жеңиш жана 3 жеңилүү ызасы бар.

Ал эми 30 жаштагы Адам Яндиев аралаш уруш түрлөрүндө 9 ирет жеңишке жетсе, UFC уюмунда өткөргөн алгачкы эле беттешинде жеңилүү ызасын тартан.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: