Menu

Сауд Арабия Хашоггинин өлтүрүлүшүн “чоң катачылык” деп атады

Бөлүшүү:

Адель аль-Жубейр

Эр-Рияд журналисттин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, бирок анын өлтүрүлүшү жана сөөгүнүн кайда экени тууралуу кенен маалымат берген жок.

Сауд Арабиясы Жамал Хашоггинин Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлүшүн “өтө чоң жана коркунучтуу катачылык” деп атап, бул үчүн жоопкерчиликтүү кишилер жазага тартыларын билдирди.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр жекшембиде Fox News телеканалына интервью берип, сауд агенттери ыйгарым укуктарынан тышкары иш жасашканын, мындай операцияга уруксат берилбегенин айтты.

Сауд дипломатиясынын башчысы Хашоггинин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, бирок журналист кантип өлтүрүлгөнүн, сөөгү кайда экенин жана бул окуяга мураскор ханзаада Мухаммад бин Салмандын тиешеси бар-жогун билдирген жок.

– Чоң жаңылыштык кеткени анык, бул катаны жашыруу окуяны ого бетер тереңдетип жиберди. Бул кандай гана өкмөт болбосун жол берилгис нерсе, –деди аль-Жубейр.

59 жаштагы журналист Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн.

Хашогги консулдукта аны тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташып кеткендиги айтылууда. Сауд Арабия Падышалыгы кылмышка 18 киши шектүү деп билдирди.

Хашоггинин өлүмү дипломатиялык жаңжалга жем таштады. Евробиримдиктин өлкөлөрү жана АКШ Сауд Арабияга каршы санкция киргизүүнү талкуулоодо. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер журналисттин артында падышалык турганы ачыкталса, Эр-Риядды жазалоого убада берди.

The New York Times билдиргендей, Сауд Арабия Хошогги жана падышалыкты сындаган башка кишилерди куугунтуктоо үчүн Твиттерде интернет-троллдор армиясын колдонгон. Сауд агенттери 2010-жылдан тарта журналисттин изине түшкөн. Гезиттин маалыматы боюнча бул стартегиянын артында мурскор ханзааданын кеңешчиси Сауд аль-Кахтани турат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: