Menu

Каржы полициясы: “Депутат Рыскелди Момбеков айткан маалымат чындыкка туура келбейт, Бакыт Шаршембиевге карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок”

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 2-октябрында КСДП фракциясындагы парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков массалык маалымат каражаттарына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы  Бакыт Шаршембиев 8 кылмыш ишинин фигуранты деп жарыялаган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (ЭККМК) коомго айтылган маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирип коюуну туура көрөт.

ЭККМКнын тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Б. Шаршенбиев күбө статусуна ээ, бирок эч кандай фигурант эмес. Буга байланыштуу КРӨгө караштуу ЭККМК аталган адамга карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок экендигин билдирет.

Жогорудагылардын негизинде ЭККМК, ушундай факттар болбош үчүн бардык кызыкдар жарандарга Финансы полициясынын маалымат кызматына расмий түрдө кайрылуусун сунуштайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: