Menu

Аслан Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин редактору: “Саткындардын баары Атамбаевден качып кетишти. Алмаз байке өкүнүп атпайбы, “Равшан Жээнбеков экөөңөрдү министр кылсам болмок экен” деп”

Бөлүшүү:

–Аслан мырза, Ахматбек Келдибеков менен соттошуу процессинен кабар алып коёлу да. Кандай болуп атат?

–Кандай болмок эле? “Карышкыр” (Сабыр Муканбетов) капталдан чыгып, улуп-уңшуп, табалап жазганы болбосо, башка жагы жайында эле. Мен бул “Карышкырды” элге кошуп, Туйгун байкенин Ысык-Атадагы дачасына чейин алпарып, гүлдөтүп, адам кылгам да. Жуунбай жүргөнбү, айтор, жылыга Ысык-Көлгө алпарып киринтип салчумун. “Шалдардыкы” оңбой калбасын (“) деп, машинеме салып алып, Иманкадыр Рысалиев экөөнү далай жолу моделдерге, ай мончокторго табыштырып салдым… Анан айланып келип эле жаныңда жүргөн адамдар каршы чыгып, табалап атса Кудайга коет экенсиң…

–Бегалы Наргозуев менен да кайым айтышып жүрдүңүз. Бирок, ал кыйын кырдаалда сизди колдогондой маанайда болуп атат го?

–Бегалы байке менен 2007-жылы жаз айларында Темир Сариевдин офисинин алдындагы кафеден таанышкам. Анда самолету бар, бизнесмен эле. Кийин экөөбүз ынак болуп (анда “Каттани”, Равшан Жээнбековдор менен дос боло элек болчу), кызыл шараптан ичип, саясаттан сукбатташып, ошондо эле мен маалымат алчумун. Бегалы байке депутат болуп калган. Ышкыбозмун да, шыкылдата жазчумун. Жашоодо хохмалар көп болот, ошон үчүн биз жашап жүрөбүз. “Кыргызтудей” “Аслан Сартбаев азыр “Форумдун” эшигин тээп кирет” дейт. Метафора… Ирония сымал салыштыруу… Бирок, кайсы бир деңгээлде чындык бар, тээп кирбесек дагы, Равшан Жээнбеков экөөбүз Атамбаевге барып, сүйлөшүп атабыз. Бул бүгүнкү тагдыр, эч ким аны жерибеш керек. Баары качып кетишкен, саткынчылар, а биз маектешип атабыз… Алмаз байке өкүнүп атпайбы, “Равшан экөөңөрдү министр кылсам болмок экен” дейт. Балким, биз министр болбой сакталып калдык… Кечээгилер бүгүн жок… Баса, Саякбай Каралаев да Бегалы Наргозуевдей “төгүп” койчу… Бегалы Наргозуевди мен Саякбай Каралаевге салыштырам…

–Бул салыштырууңузга түшүнбөй калдык…

–Бүгүн Саякбай Каралаев тирүү болсо, ал системанын курмандыгы катары соттолуп кетмек. Мисалы, Бегалы Наргозуев экөөбүз “эртең соттолуп кетпейли” деп сөздөрдү астейдил колдонуп жүрөбүз. “Жарымы төгүн жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн…” деп эпосто айтылчу да. Саякбай Каралаев коммунисттик системага карабай Манасты айтчу, жарымын калп айтчу. Мына ошону Каныбек Иманалиев да билет. Бирок, Саякбайды эч ким соттогон жок да. Дал ошол духта, чыгармачылыктын башка формасында Бегалы Наргозуев жазууда, сүрөткердей кооздоп… Биз кыргыз болгондон кийин андай “Манас” айтпасак да, коомго маалыматты жандуу берели да… Кыргыздын салтында сөз үчүн эч ким айып пулга жыгылган эмес…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: