Menu

Өзбекстан менен Орусия текстиль үчүн “жашыл коридор” системасын киргизет

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Орусия текстиль жана башка өнүмдөр үчүн “жашыл коридор” режимин киргизүүгө макулдашты.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өзбек-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында: “ Өзбекстан мөмө-жемиш өнүмдөрүн Орусияга жеткирүү үчүн “жашыл коридор” түзүп берген орус тарапка ыраазычылык билдиребиз. Биз бул тажрыйбаны башка продукцияларга, анын ичинде текстилге да жайылтууга макулдаштык”, деди.

Орусия президенти Путиндин айтымында, эки өлкө кызматташуунун ар кыл багыттары боюнча программа даярдашты. Долбоорлордун биринчи баскычы 25 миллиард долларды түзөт.

Ал мунун аркасы менен жаңы жумуш орундары, өз ара мамилелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи.

Путин тараптар айыл чарба тармагында кызматташуунун келечегин кенен карап чыгышканын кошумчалады. Путиндин билдиришинче, 2018-жылдын алты айында айыл чарба продукцияларын эки тараптуу сатуунун көлөмү 30% өскөн. “Жашыл коридор” системасынын киргизилиши оң натыйжаларды берген.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: