Menu

Кыргызстандын Дохадагы элчиси Нуран Ниязалиев Эл аралык эмгек уюмунун Катар Мамлекетиндеги Офисинин башчысы Хутан Хомаянпур менен жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-октябрда Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиевдин Эл аралык эмгек уюмунун Катар Мамлекетиндеги Офисинин башчысы Хутан Хомаянпур мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жолугушууда, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча эмгек жаатындагы Катар Мамлекетинин колдонуудагы мыйзам ченемдери талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Катар Мамлекетинде эмгектенген кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык эмгек уюмунун Доха шаарындагы Офиси менен биргеликте Доха шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына Катар Мамлекетинин эмгек мыйзамы жөнүндө укуктук семинарын өткөрүү макулдашуусу жетишилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: