Menu

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-октябрда Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча кезектеги жолугушуу кийинки айда Кыргызстанда өтөт.

“2018-жылдын 15-21-октябрында Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе козголду. Жумушчу топтордун жолугушуусунун натыйжасында эки тарап макулдашылып, тийиштүү протоколдорго кол коюшкан.

2018-жылга карлган жолугушуулардын план-графигине ылайык, жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу үстүбүздөгү  жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт”, – деп билдирди катчылыктан.

Айта кетсек, буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Фергана жана Баткен облустарынын чек арасындагы Наманган, Шахимардан,  жана Жалал-Абад облустарынын чек арасындагы Кандийон-Булок тилкесинин бөлүгү такталганын билдирген.

Булак:KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: