Menu

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Эл аралык кайрымдуулук «Сүйүү чек билбейт» аттуу жармаӊкеге катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги Пекин шаарынын Олимпиадалык паркынын стадионунда өткөн Эл аралык кайрымдуулук «Сүйүү чек билбейт» аттуу жармаӊкесине катышты. Эл аралык кайрымдуулук жармаңкеси Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеӊешинин мүчөсү, Тышкы иштер министринин жубайы Цянь Вэй айымдын колдоосуу менен жылдык маареке болуп саналат.

Бул мааракеге Кытайдагы 90го жакын чет өлкөлөрдүн дипломатиялык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, андан тышкары 60 кытайлык компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык кайрымдуулук жармаңкеге Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеӊешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И жана КЭРнын Тышкы иштер министрилигинин башка жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Айтылган жармаңкеде катышуучулар өздөрүнүн салтын жана маданиятын көрсөтүүдөн тышкары, өздөрүнүн улуттук буюмдарын, улуттук тамак-аштарын, суусундуктарын жана элдик чеберчилик буюмдарын сатууга коюшат. Чогулган каражаттар Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын кедейдик муктаж райондоруна жөнөтүлөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: