Menu

Бишкектеги ичүүчү суунун курамындагы зыяндуу заттар нормасынан 8 эсе көп

Бөлүшүү:

Бишкектин түштүк аймагынын  жашоочулары курамында туз жана зыяндуу заттар көп сууну колдонушат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдөө медицина боюнча адиси Бермет Барктабасова билдирди.

Анын айтымында, аталган аймакта ичүүчү суунун курамындагы зыяндуу заттар нормадан 8 эсе көп. Ошондой эле абал өлкөнүн Ысык-Көл жана Нарын облусунда сакталат, мындан улам жашоочулар суу тазалоочу фильтрлерди сатып алышууда.

Адис жалпы суу менен камсыз кылуу системасында тазалоону жакшыртуу керек дейт.

“Бөйрөктөр резина эмес да, мынча тузду жана кирди иштетчүдөй. Анан дагы биз өлкөдө гемодиализ алгандардын саны көбөйгөнүнө таң калабыз, жана андай борборлордун ачылышына кубанабыз”,- дейт Барктабасова.

Айта кетсек, омбудсмендин институту жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстандын 1 миллион калкы, (ар бир алтынчы жаран) таза сууга жетпей келет.

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: